Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Бакиров Акжол Акжигитович Ош облусунун Өзгөн районунун башкы имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Акжол ажы буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген.

Бакиров Акжол Акжигитович 1989-жылдын 25-августунда Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында туулган. Корул айыл аймагындагы А. Бекташов атындагы орто мектебине кабыл алынып, 2005-жылы «эң жакшы» деген баалар менен аяктаган.

         2005-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесине өтүп, 2010-жылы ийгиликтүү бүткөн. 2011-жылы Имам Аль-Бухарий Ислам институтуна тапшырып, 2015-жылы аяктаган. Ушул эле жылдары «Абдираим кары» медресесинде мугалим болуп да эмгектенген. 2015-жылдын август айына чейин Өзгөн районунун башкы имам-хатибинин орун басары болуп иштеген. 2015-жылдын сентябрь айынан баштап Ош облусунун мусулмандар казыятында эмгектенип келген. 2020-жылы Корул айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы жана төш белгиси ыйгарылган.

Эмгек жолу:

2011-2014-жылдары Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Абдираим кары медресесинде мугалим;

2014-2015-жылы Өзгөн районунун башкы имам-хатибинин орун басары;

2015-жылы Өзгөн районунун имам-хатибинин милдетин аткаруучу;

2015-жылы Ош облусунун мусулмандар казысынын жардамчысы;

2016-2017-жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит бөлүмүнүн адиси;

2017-жылдан тарта Ош облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана окуу бөлүмү боюнча адис;

2017-жылдан тарта Ош облусунун мусулмандар казыятынын ажылык иштери боюнча жоопту адиси болуп үзүрлүү иштеген.

Үй-бүлөлүү,  эки уул, бир кыздын атасы