ФОТО: Кара-Суу районунда бир айдан бери жүргүзүлүп жаткан ишембилик иш-чарасы жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун ишке ашыруу максатында Кара-Суу районунун аймагындагы бардык мечиттерде жана диний окуу жайларда бир айдан бери жүргүзүлүп жаткан ишембилик аягына чыкты.

“Эртең кыямат болорун билсеңер да бүгүн колуңардагы көчөттү эккиле” деген маанидеги хадисти эскерткен Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жарандарды жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды.

“Азирети Муфтийдин буйругун аткарууга багытталган тазалык жана жашылдандыруу саамалыгыбыз район аймагында бир ай бою жүргүзүлдү. Анын алкагында мечиттердин ичи-сырты, короосу, айланасы тазаланып, көптөгөн көчөттөр тигилди. Иш-чарага жигердүү катышкан имамдарга жана бардык мусулман бир туугандарыма терең ыраазычылык билдирем”, – деп билдирди Абдирашит ажы Батыров.  

Эскерте кетсек, Ош облусунун башка райондорунда да ишембиликтер уюштурулуп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.