Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Араван районунун баш имам-хатиби менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу жана аймактардагы диний абал боюнча пикир алышты.
Муну менен катар эки райондун баш имам-хатибдери диний абал, өлкө башчынын «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын ишке ашыруу, жаштарга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюна түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү менен эки хатибияттын ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдөө жаатында сүйлөшүштү.
Баш имам-хатибдердин жолугушуусу эки райондун хатибияттарынын ортосундагы байланышты бекемдөө менен кызматкерлер ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүү жаатында иш алып барууну макулдашышты.