КМДБнын кадр жана катчылык бөлүмүнүн башчысы Ош облустук казыятынын иш кагаздарын текшерип, кызматкерлердин өздүк делолорун жаңылоо тапшырмасын берди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кадр жана катчылык бөлүмүнүн башчысы Абдугапар ажы Койчукулов Ош облустук мусулмандар казыятын зыярат кылып, анын  алкагында казыяттын иш кагаздарын, алардын иретин, кириш-чыгыш каттар, эмгек китепчелери жана кызматкерлердин өздүк делолорун текшерүүдөн өткөрдү. Абдугапар ажы Койчукулов облустук казыяттын мамлекеттик тилде сабаттуу иш алып баруу боюнча аракеттерин жана кадр, катчылык жаатындагы ишмердүүлүгүн жогору баалады.

«Ош облустук казыятынын кадр жана катчылык жааты жакшы иш алып барып келесиңер. Муфтиятка жөнөткөн каттарыңар, берген отчётуңар жана райондук хатибияттардын иш кагаздарын жеринде текшерип, тескеп келгениңер мактоого арзыйт»,-деди Койчукулов.

Ал ошондой эле облус аймагындагы жалпы дин кызматкерлеринин өздүк делолорун мыйзамга ылайык жаңылоо тапшырмасын берди.