Кадамжай райондук хатибияты облустук казыяттын тапшырмасы менен аялдар үчүн “Маракул фалах” китеби боюнча 3 күндүк окуу курсун баштады. Окутуунун максаты аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу жана билимдерин жогорулатуу болуп саналат.
Окуу курсуна 100 аял катышып, аларга Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Саидакмат Аппазов жана Кадамжай районунун баш имам-хатиби Ибрахим Хаиткулов сабак беришүүдө.
“Бул үч күндүк окуу дагы аздык кылып жатат. Ушундай кыска мөөнөттүү окууларды байма-бай өткөрүү керек. Бул окуудан биз салттуу ислам дини, мазхаб боюнча кеңири маалымат алдык”,- дейт катышуучулардын бири.
Ушундай эле окуу курсу мечит имамдарына да уюштурулуп, анда имам Матуридий акыйдасынын “Акыйда Тахавия” китебинен сабактар өтүлүп, Баткен казыяты тарабынан атайын сертификаттар берилди.