Баткендеги мечиттерде балдардын тарбиясына багытталган баяндамалар айтыла баштады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жалпы имамдарга тапшырма берип, учурда мечиттерде  балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар  айтыла баштады.

Баткен облусунун казысы Кадамжай районуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы борбордук Аль-Бухари мечитинде элге баяндама жасап, коомчулукту балдардын тарбиясына көңүл бурууга чакырды.     

«Азыркы заманда биз акылга сыйбаган нерселерди көрүп, кыргыз калкынын каада-салт, үрп-адатына туура келбеген көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз.  Динибиз ата-энени сыйлоого, балдарга жакшы мамиле кылууга жана аларга туура тарбия берүүгө, жакшы мамиле кылууга чакырат.  Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Алланын Элчиси аялзаты төрөлгөндө атасына бейиш дарбазасы ачыларын,  турмушка чыкканда жолдошунун дини толукталып,  перзенттүү болгондо бейиш таманынын алдында каларын жар салды»,-деди облус казысы. 

Муну менен катар облус казысы бүгүнкү күндө коомдогу айрым учурларда катталып жаткан зордук- зомбулук фактылары кейиштүү жагдай боюнча калып, мунун себеби катары  тарбиянын жетишсиздиги өз салымын кошуп жаткандыгын билдирди.