Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облустагы район, шаардын имамдарынын жана медресе мүдүрлөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери, район, шаарлардын баш имам-хатибдери жана медресе мүдүрлөрү катышты.
Жыйында ар бир район, шаарлардын баш имам-хатибдери жана медресе мүдүрлөрү тогуз ай ичинде аткарган иштери боюнча төмөнкү 7 критерийдин негизинде отчёт берди.
- КМДБ жана казыят тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы боюнча;
- 9 ай ичинде аткарылган (конференция, семинар, тренинг жана башка аткарылган иштер, цифра менен):
- Мечиттердин катоосуу тууралуу отчёт;
- Аялдар жана жаштар менен иш алып баруу боюнча иштер;
- Ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Жарлыктын аткарылышы;
- Экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштери боюнча отчёт;
- КМДБнын сайтына жаңылык маалымат берүү боюнча.
Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулардын сунуш-пикиринин негизинде эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоо, медреселерде КМДБ бекиткен окуу программасына ылайык окутуу жүргүзүү, кыш мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.