Медресе студенттерине жана мугалимдерине кышкы жууркандар берилди

Эл аралык «Smart Generation» (Смарт Дженерейшн) коомдук фонду Жалал-Абаддагы беш медресенин студенттерине жана мугалимдерине кышкы жамынчы жууркандарды тапшырды.

Буга чейин облустук казыяттын жетекчилиги медреселерге кышкы сууктун камын көрүү максатында аталган фондго кат менен кайрылган. Мындан улам облустагы “Айти”, “Аз-Захра”, “Имам Ат-Тирмизи”, “Имам Аззам”, “Илим Тат” атындагы медреселерде окуп, тарбяланып жаткан жалпы 200 гө жакын студент жана алардын 20 дан ашуун мугалимдер жамаатына жууркандар белек катары берилди. Аларды тапшыруу иш-чарасына фонддун Кыргызстандагы өкүлү Мухаммад Айди баштаган фонд кызматкерлери, облустук казыяттын окуу бөлүмүн адиси Дилмурат ажы Орозов, медресе мугалимдери менен талабалар катышты.

Жардам колун сунган фонд жамаатына Дилмурат ажы Орозов Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятынын атынан ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.