Мирланбек ажы Токтомушов: Ош шаарындагы мечиттердин кышкы даярдыктары көзөмөлгө алынат

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы жалпы мечиттердин жылуулугун камсыздоо жана кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча имамдарга тапшырма берди.

«Суук түшүп, кыш жакындап келди. Мечитке келген жамаатка жакшы шарт түзүүгө аракет кылуубуз керек. Ошондуктан кыш мезгилине болгон даярдыктар казыят кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат»,- деди казынын милдетин аткаруучу.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 81 мечит бар. Анын ичинде 45 мечитте жума намазы окулат.