Ысык-Ата районудагы имамдардын кезектеги жыйын өткөрүлүп, элдин сунуш-пикирлерин эске алуу тапшырмасы берилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын «Кули» мечитинде райондун имамдарынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкү темалар күн тартибине коюлуп, кеңири талкууланды.

1) Жергиликтүү эл тарабынан имамдардарга жана мечиттерге келип түшкөн сунуш-пикир, сын, кеп-кеңештерди эске алып, анын алкагында иш алып баруу. Жамаатка аткарылган иштер боюнча туруктуу маалымат берип туруу;

2) Мечиттердин эсептик каттоосу: Азыркы күнгө чейин каттоодон өтпөгөн мечиттердин документтеринин абалы, тоскоолдуктар жана каттоону кечиктирген факторлор, тийиштүү жагдайлар боюнча чараларды көрүү;  

3) Мечитте өз убагында азан айтуу, намаздара, өзгөчө жума намазында убакытка маани берүү;

4) Мечиттерди жылытуу, (даарат үчүн) ысык же жылуу суу менен камсыз кылуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча тапшырмаларды берген баш имам-хатиб Бактыбек ажы Убабеков, «Районубуздагы имамдарды жана мечиттерди элдин баары жакшы билет. Алладан коркуу жана берилүү менен милдетибизди аткаралы. Өз ишибиздин күйөрманы бололу», – деп билдирди.