Ысык-Көл облустук казыяты табият кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү демилгесине активдүү катышууда

Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө байланыштуу КМДБнын тапшырмасын аткаруу боюнча Ысык-Көл облустук казыяты активдүү иш алып барууда. Бул туурасында облустук казыят тарабынан буйрук чыгарылып, шаар-райондук хатибияттарга жүктөлгөн.

“Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 127 Куран хатм окулду. Мындан сырткары ар бир мечитте кайрымдуулук, боордоштук, бир туугандык туурасындда баяндар айтылып жатат. Мечиттерде атайын жардам кутучалары коюлуп, ар бир мусулман бир туугандын колдон келишинче кылган жардамы кабыл алынууда. Ошондой эле кийим-кече, төшөнчү, жуунуучу каражаттар дагы чогултулууда”, – деп билдирди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков Ысык-Көл ТВ га берген билдирүүсүндө.

Ал эми Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант Сабриков бир тууганга каралашуу, көмөктөшүү жана садака кылуу пазилеттүү амалдардан экенин билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Ислам дининде садака берүү чоң мааниге ээ ибадат. Садака – бул мусулмандын ыйманынын бекем экениндигин билдирген амалдардын бири. Алла Таала Ыйык Куранда, «Эмнени садака кылсаңар, Аллах өзүндөй кылып кайтарып берет. Ал эң жакшы ырыскы Берүүчү», – деп билдирген (Сааба сүрөсү, 39-аят). Ал эми пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Чындыгында Аллахка эң сүйүктүү иш – момун адамдын жүрөгүнө кубаныч киргизгениң жана кайгы-капасын кетиргениң же анын карызынан кутултканың же (тамак берип) аны ачкалыктан куткарганың» (Байхаки), – деп айткан”.