2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо (Eid) ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-март, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1000 АКШ долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.
Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
АЖЫЛЫК САПАРЫНА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
- 2023-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
- Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 1000 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
- Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
- Тышкы паспорту (загран).
(электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл).
(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2023-жылы 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз).
- Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.
Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1978-жылы март айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми апрель айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.
(Сүрөт түстүү, ак фондо,жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).
(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. )
(Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
- 2023-жылы алынган №086у формасындагы медициналык справка.
- Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу
(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)
- Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
- Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке номер телефону, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
- Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2023-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
- Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга тааныштырып, келишимге кол койдурсун).
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ АЖЫЛЫККА КАТТООЧУ ОПЕРАТОРЛОР ЖАНА КУРАТОРЛОРДУН ДАРЕГИ
Республика боюнча ажылык сапарына каттоочу операторлор (тизме) жана алардын даректери:
Аты-жөнү | Телефону | Аймактар |
Бердикулов Мурзабай | 0777281018 | Баткен облусу |
Абдимиталип у Ибрахим | 0770323101, 0501323101 | Лейлек району |
Абдурахманов Сабыржан | 0778969217 | Кадамжай району |
Солтонбек уулу Бактияр | 0222131984 | Кызыл Кыя шаары |
Бердикулов Мурзабай | 0703000872 | Баткен шаары |
Ош облусу | ||
Жусупов Алибек | 0773280986 | Ош облусу |
Бообеков Эмирлан | 0778981196, 0558200096 | Алай району |
Абдазов Кубанычбек | 0778939320, 0555020793 | Араван району |
Мамаев Дастан | 0704104953 | Кара-Кулжа району |
Турдубаев Асилбек | 0778405077 | Кара-Суу району |
Жапаров Бекназар | 0774986262 | Ноокат району |
Иминов Авазбек | 0220700000 | Өзгөн району |
Саитов Апызбек | 0770346423 | Чоң-Алай району |
Ош шаары | ||
Матиев Жанарбек | 0778 77 96 33, 0555 04 64 88 | Ош шаары |
Жалал-Абад облусу | ||
Жунусалиев Давранбек | 0772207319 | Жалал-Абад облусу |
Дебванаев Нематжон | 0776744460 | Жалал-Абад, Тогуз- Торо району |
Апсалам уулу Жеңишбек | 0777893535, 0999268757 | Аксы району |
Боронбаев Бектен | 0777390277 | Сузак району |
Кадырбеков Мелисбек | 0559470950 | Ноокен, Токтогул району Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу- Суу шаарлары |
Чыналиев Шумкарбек | 0776723333 | А-Бука, Чаткал району |
Абидинов Ашим | 0773200073 | Базар-Коргон району |
Талас облусу | ||
Кадыралиев Замирбек | 0709009299 | Талас облусу |
Бишкек шаары | ||
Сайпидинов Уланбек | 0220013221, 0708968160 | Бишкек шаары |
Нарын облусу | ||
Халимов Фасихидин | 0705121393, 0702245993 | Нарын облусу |
Ысык-Көл облусу | ||
Жусупов Кангелди | 0509735787, 0559735787 | Ысык-Көл району |
Чүй облусу | ||
Абытов Азатбек | 0505447766 | Сокулук району |
Кумушбеков Акылбек | 0550416310 | Москва району |
Нышанбаев Болот | 0552302299 | Панфилов, Жайыл району |
Абдурахманов Пазылбек | 0709050712 | Кант шаары |
Байгазиев Алым | 0555260914 | Ысык-Ата району |
Акбаралиева Шахиста | 0556061324 | Чүй, Кемин району |
Фазилов Кабир | 0709050712 | Аламүдүн району |
Толук маалымат алуу үчүн:
Тел: 0778 48 61 67, 0558/0708 48—61—67
Тел/факс: 0312 48—61—67
Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru