Исфанада «Экстремизм, терроризимге каршы туруу» аталыштагы семинар өттү. Аталган семинарды Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмү башкармалыгы жана шаардык хатибият уюштуруп, ага Лейлек РИИБинин 10-бөлүмүнүн башчысы жана имамдар катышты.
Семинар алкагында райондук ИИБдин 10-бөлүмүнүн башчысы жана катышуучулар экстремизм менен терроризмдин алдын алууга багытталган маселелерди талкуулашып, аткарылган иштерге саресеп салышты.
Семинардын акырында коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн биргеликте иш аткаруу чечимдерин кабыл алышты.