Ош шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, Курман айт майрамы жана жайкы лагер маселеси каралды

Ош шаардык мусулмандар казыяты жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрүп, анын алкагында  Курман айт майрамы жана жайкы лагерди уюштуруу маселеси каралды.

Шаар казысы жалпы мечиттердин тазалыктарына көңүл буруп, даярдыктары көрүү тапшырмасын берди.

«16-июнь күнү Курман айт майрамы белгиленип, айт   намазы  жалпы жума окулган мечиттерде окулары айтылды. Элибизге курманык чалуу жана айтты майрамдоонун эрежесин жакшы түшүндүрүп берели. Ал эми жайкы лагерди уюштурууда муфтият тарабынан көрсөтүлгөн атайын  жобого ылайык иш алып баруу керек»,-деди Мирланбек ажы Токтомушов.

Дин кызматкерлерине уюштурулган жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар катышып, коомчулук менен иш алып барууда жакындан жардам көрсөтүлөөрүн айтышты.