Жалал-Абад шаарындагы имамдар арасыда “Фикх” китеби боюнча сынак старт алды

Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы имамдар арасында “Фикх” ханафи мазхабынын далилдери аттуу китеп боюнча сынак жарыялады. Анда имамдар аталган китепти толук окуп, андагы  суунун өкүмүнө чейинки маселелер боюнча күч сынашат.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаевдин айтымында сынак имамдар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдеп, имамдардын билим деңгээлин жогорулатат.

“Сынак бир айга созулат. Жыйынтыгында мыкты деп табылган имамдар баалуу белектер менен сыйланышат”,-деди баш имам-хатиб.