Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Коом | 02.06.2025
  • |

Ажылыктын негизги амалдары башталууда. Эртең, 3-июнда  Кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүнө көчүшөт

Бүгүн,  2-июнда 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев Мекке шаарында ажы башчылар менен чукул жыйын өткөрдү. Жыйында 3-июнда баштала турган ажылыктын негизги амалдарына байланыштуу даярдыктар талкууланды.

Ажылык сапарынын эң маанилүү бөлүгү болгон тарвия күнү, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү, бул жерлерде зарыл амалдарды шарият көрсөтмөлөрүнө ылайык аткаруу жана зыяратчыларга шарт түзүү маселелери жыйында өзгөчө көңүл борборунда болду.

«Ажылыктын эң өзөк бөлүгү башталды. Ар бир ажы ниет кылып, бул ыйык сапарга жүрөгүн, убактысын, дилин арнап келди. Эми алардын ибадаттарын шарият негизинде аткарышына жардам бергилели. Сабак өтүп, түшүндүрүп, коопсуздук, тартип жана ден соолугуна көз салып, кызмат кылгылалы. Ажылар ибадат кылышсын – силер алардын амандыгына, шартына жооптуусуңар», – деди штаб жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Жыйында Мина өрөөнүнө көчүүдө Сауд Арабия Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлиги (САП) тарабынан белгиленген график так сакталышы керектиги баса белгиленди. Ажыларды жатаканалардан Минага коопсуз жеткирүү, автобустарга түшүүдө жана түшүрүүдө иреттүү тартип сактоо, Минада Кыргызстандан ажылар үчүн бөлүнгөн чатырларды туура колдонуу, өрт коопсуздугу, жол жүрүү эрежеси, медициналык жардамга жеткиликтүүлүк маселелери да өзгөчө каралды.

«Бул күндөр – Зул-хижжа айынын чоң даанышмандык камтыган күндөрү. Арафатта турууну Пайгамбарыбыз (с.а.в) "Ажылык — Арафат" деп сүрөттөгөн. Ушундай улуу амалдардын алдында ар бир кызматкер өзүнүн ордун, жоопкерчилигин терең сезиши зарыл. Миллиондогон мусулмандардын арасынан тандалып, ажыларга кызмат кылуу – бул чоң немат, чоң аманат», – деп кошумчалады ал.

Ошондой эле жыйын учурунда штаб мүчөлөрү транспорт, медициналык кызмат, тамак-аш, байланыш жана коопсуздук боюнча да маалымат беришип, ажы башчыларды ар тараптан жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырышты.

Жыйын соңунда бардык кызматкерлерге жана ажы башчыларга:
– ажыларга үзгүлтүксүз ажылык боюнач маалымат берүү,
– САПтын коопсуздук жана уюштуруу жоболоруна толук баш ийүү,
– графиктерди жана сапар тартибин так аткаруу,
– ооруп жаткандарга өзгөчө көңүл буруу,
– ибадаттарга тынч шарт түзүү тапшырмалары берилди.