Баткен облусунун казысы Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушту

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен Кызыл-Кыя шаарында болуп, сапар алкагында «Умар ибн Аль Хаттаб» атындагы мечитте шаар тургундары менен жолугушту.

Эл менен болгон жолушууда облус казысы «Бир туугандык» жана «Исламда кийинүү тартиптери» деген темада баяндама жасады.

Жергиликтүү эл облус казысынын шаар элинин абалынан жакындан таанышкандыгы үчүн ыраазылычыктарын билдирип, облус мусулмандарына, ислам динине бекем кызмат кыла берүүсүн Жараткандан тилеп, жалпы мусулмандарга өздөрүнүн батасын беришти.