Азирети Муфтий Call-борбордун операторлорун кабыл алып, жандуу иштөө талабын койду

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров КМДБнын алдында ачылып, ишмердүүлүгүнө старт берилген Call-борбордун иши менен таанышып, операторлорун кабыл алды.

«Баарыбызга маалым болгондой, коомчулук колл-борборубузду жылуу кабыл алды. Ачылганына бир жума болуп-болбой, миңдеген чалуулар келип түштү. Демек, байланыш түйүнүнүн ачылышы мусулман коомчулугу үчүн абдан пайдалуу болду. Дин кызматы аманат болгондуктан, телефон аркылуу кайрылган жарандардын суроолорун кунт коюп угуп, жогорку деңгээлде жооп берүүгө аракет кылалы. Жандуу иш алып барып, ар бир жарандын диний суроосун канааттандыралы», – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө суроо-жооп маселесинде салттуу исламдын, тактап айтканда ханафилик-матуридиликтин негизинде жооп берүү талабын коюп, бирдиктүү фатвага жетишүү максат экенин, бирдиктүү фатва диний чөйрөнүн биримдикте болушуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирип, колл-борбордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн алдында жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борбор ачылып, өз ишин баштаган. Борбор заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, инновациалык кызматтар менен байытылып, жарандардан түз келип түшкөн суроолорго дасыккан диний адистер жооп берүүдө.

Call-борборунун иш убактысы дүйшөмбү – жума күн арасы, саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин болмокчу.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Сиз билбеген, түшүнбөгөн же жүрөгүңүздү өйүгөн диний суроолоруӊуз болсо, муфтияттын сall-борборуна чалып, жооп алсаңыз болот. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996550557775 номурун териңиз!