Жайылда этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жыйын уюштурулду

Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында Жайыл району жана Кара-Балта шаарындагы диаспора башчылары менен улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жыйын болуп өттү. Чогулушка Жайыл РИИБдин жетекчиси Майрамбек Калманбетов, Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев, диаспора башчылары катышты.

Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев сөз сүйлөп, жалпы диаспора өкүлдөрүн ынтымак жана биримдикке чакырып, биримдикке багытталган өз сунуштарын айтты.

Жайыл РИИБдин башчысы М. Калманбетов дагы өз сөзүндө жалпы тараптарды ынтымак үчүн чогуу аракет кылууга үндөдү. Ошондой эле диаспора өкүлдөрү ой кошуп, жыйындагы талкууга өздөрүнүн көйгөйлөрүн жана сунуштарын билдиришти.