Ноокатта мектеп окуучулары менен «Билим – илим жана ыйман маданияты» аттуу жолугушуулар уюштурулууда

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров баштаган райондогу мечит имамдары мектеп окуучулары менен «Билим — илим жана ыйман маданияты» аталышындагы жолугушууларды баштады.

— Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров — А.Абдувоитов орто мектеби;

— Баш имам-хатибдин орун басары Имамидин ажы Мамасадыков – Р. Хужамов орто мектеби;

— Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Абдивалиев Нематилла – Н.Жолдошов орто мектеби;

—  Мухаммад мечитинин имамы Рахмидинов Мухаммадсалы – А. Навои орто мектеби;

— Кара кечүү айылынын имамы Тойчиев Үсөн – «Саид Баюми» мектеби;

— «Кеңеш» мечитинин имамы Исаков Адыл – «Кеңеш» орто мектеби;

«Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларынын алкагында баяндамалар жасоо үчүн Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен макулдашып, «Билим – илим жана ыйман маданияты» аталышындагы саамалыктын алкагында алгачкы жолугушуулар башталды. Буйруса мектеп окуучулары менен өтүлүп баштаган жолугушууларда Мекенди сүйүү, тазалык, илим алуунун артыкчылыгы, китеп окуунун пайдалары, ата-энени сыйлоо, адам акысы жана ушак, жалган айтуунун кесепеттери тууралуу баяндамалар жасалат», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.