Астана: ТМУнун Муфтийлер Кеңешинин фатва комитетинин I эл аралык тегерек столу башталды

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Боордош өлкө Казакстандын борбору Астанада Түрк мамлекеттери уюмунун Муфтийлер Кеңешинин алдындагы фатва кеңешинин «Түрк дүйнөсү: ФАТВА ЧЫГАРУУНУН ПРИНЦИПТЕРИ ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫ» I Эл аралык тегерек столу башталды.

Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандан барган фатва адистери чогулган жыйынды Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу ачып берди.

«Бизди өлкөнүн чек арасы же деңиз бөлүп турганы менен тарыхый баланыш дайыма сакталып келген. Түрк элдеринин ишенимдери, тилдик негизи, каада-салттары, жадагалса тарыхыбыз, руханиятыбыз орток. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, түрк мамлекеттеринин муфтияттары менен биргеликте диний майрамдарды, тактап айтканда, Рамазан айынын башталышын жана орозонун бүтүшүн белгилөө боюнча атайын кеңеш түзүлгөн. Айды кароого байланыштуу эрежелер кабыл алынып, кеңештин иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Фатва чыгаруу процессинде ханафи мазхабынын пикири, керек болсо башка мазхаб ээлеринин пикири да эске алынат. Ошол эле учурда жергиликтүү элдин каада-салты, үрп-адаттары, чет элдик фатва комитеттери менен исламий фикх уюмдарынын тажрыйбалары да көз жаздымда калбайт.

Ошол эле учурда бир маселени баса белгилегим келет: Түрк мамлекеттеринин дин жаатындагы кызматташтыгын арттыруу үчүн айрым маселелер боюнча жалпы фатваларды чыгаруу абдан маанилүү. Бул өзгөчө жаштар арасында динди туура үгүттөө жана коомдогу динге байланыштуу ар кандай талаш-тартыштарды жөнгө салууга жардам берет. Фатва чыгарууда жергиликтүү салттарды да эске алуу зарыл, анткени дин менен маданияттын ынтымагын сактоого, коомдогу ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт», – деди Азирети Муфтий Ноорузбай ажы.

Ошондой эле боордош өлкөнүн баш муфтийи диний билим берүү тармагына, актуалдуу маселелерге байланыштуу биргелешкен фатваларды чыгарууга, диний адабияттарды биргелешип даярдоого байланыштуу сунуштарын айтты.

Айта кетсек, Казакстанда өтүп жаткан ТМУнун Муфтийлер Кеңешинин кезектеги саммитине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров аалымдар баштаган делегациясы катышууда.