Мирланбек ажы Токтомушов студенттерге «Нарктуулук жана элдик тарбия» боюнча лекция окуду

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Абдурахман ибн Ауф» медресесинде мамлекеттүүлүк, мамлекеттик символикалар, атрибуттар жана мамлекеттик тил, нарктуулук, элдик тарбия боюнча семинар өткөрдү.

Семинардын башында мамлекеттик гимн ойнолуп, Куран окулуп бата кылынды.

Семинарда Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов билим алып жаткан жалпы студенттерге «нарктуулук жана элдик тарбия» темасынын алкагында лекция окуду.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу мамлекеттик символикалар жана мамлекеттик тил жөнүндө кенен маалымат берип, окуучуларды мамлекетти сүйүүгө чакырды.

Жыйынтыгында медресе студенттери өздөрү жашап жаткан мамлекетти сүйүүнү үйрөнүштү жана анын атрибуттарына сый мамиле жасоо боюнча кенен түшүнүк алышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин №303 жарлыгы, Аалымдар Кеңешинин №3, №4 токтомдору жана Азирети Муфтийдин №3 буйругунун негизинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын карамагындагы диний окуу жайларда «Мамлекеттүүлүк, мамлекеттик символикалар, атрибуттар жана мамлекеттик тил, нарктуулук, элдик тарбия, мекенчилдик,улуттук баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо, табиятка аяр мамиле жасоо, экстремизмдин зыяндары, бөлүнүп-жарылуунун кесепеттери, адашкан идеологиялар, адеп-ахлак» темалары ДОЖдордо факультативдик окуу программасына киргизилген.