Абдил-Азиз ажы Чыныбеков улуттук наркты сактоо боюнча баяндама жасады

Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жана райондун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаев Чүй районунун администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү айымдарга багытталган «Ысырапкерчиликтин алдын алуу жана улуттук наркты сактоо» аттуу иш-чарада баяндама жасашты. Ошондой эле учурда эне-бала, үй-бүлө, бир туугандык мамиле, тарбия, той-аш темалары козголуп, аалымдар насааттарын, кеп-кеңештерин айтышты.

«Улуу Куранда «Жегиле, ичкиле. Бирок ысырапкерчилик кылбагыла. Анткени Аллах Таала ысырап кылганарды жакшы көрбөйт» деп айтылат. Күз келгенде элибизде той-аш көбөйөт. Ашыкча нерсе ашка дагы, башка дагы жүк дегендей, көп учурда ысырапкерчиликке жол берип жатабыз. Салтыбыз жакшы, бирок кааданы ашырып көбүртүп чыгашага жол берилип жатат. Той-аштын максаты – бул бата алуу. Андыктан миграциядан, адал мээнет менен келген акчаларды ченемсиз чачпаңыздар. Андан көрө эки жашка турак жай алып берип же окутуп, мыкты кесипкөй кылып, жакшы тарбия берип, жаш бүлөгө инвестиция жасаңыздар», – деди өз сөзүндө Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.

«Адам баласы кандайдыр бир кыйынчылык келгенде, андан чыгуу жолун издеп калат. Кандай абал болбосун, адам баласы Аллах Таалага муктаж. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) бардык нерсенин чечимин, бактылуулуктун сырын Ислам дининде экенин сүннөтүндө көрсөтүп кеткен. Андыктан Аллах Тааланын элчисин ээрчийли. Элибиздеги нарктуулуктун сакталып калуусуна диндин таасири өтө чоң. Андыктан ардактуу аялзаты, ошол нарк-насилди балдарыбызга жеткирүү менен келечек муунга, элибизге, динибизге эбегейсиз салым кошкон болосуздар», – деди райондун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаев.