Казакстан жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлери жолугушуп, Дин башкармалыктар арасындагы өз ара кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууну талкуулашты

Бүгүн, 2-октябрда Астанада Казакстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий  Ноорузбай ажы Таган уулу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда бир тууган боордош өлкөнүн мындан аркы мамилесин чыңдоо, бир туугандык алаканы бекемдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында сүйлөшүштү.

Ошондой эле диний чөйрөдө калктын ынтымагын, биримдигин жана өз ара кызматташууну бекемдөөгө багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланды. Казакстандын мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу бир тууган кыргыз-казак эли ар дайым бири-бирине камкордук көрсөтүп, жылуу ниеттерин билдирип келгенин өзгөчө белгилесе, Азирети Муфтий Абулазиз кары Закиров боордош эки эл кылымдар бою малы-жаны аралаш, ою-дили санаалаш өмүр сүрүп, тагдырдын башка салган сыноолорун бир туугандардай бирге тартып, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк күтүп, жаман-жакшылыгына тең түтүп, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишкенин билдирди.

Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Дин башкармалыктардын өз ара мамилесин бекемдеп, халал, билим берүү, үгүт-насаат багыттарында тажрыйба алмашуу зарылдыгы бар экендигин билдирип, байланышты мындан дагы бекемдөө зарылдыгы бар экендигин айтты.

Жолугушуунун алкагында Казакстандын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго Казакстан муфтиятын тааныштырды.

Эскерте кетсек, 3-октябрда Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун Муфтийлеринин Коллегиясынын атайын жыйыны өтөт. Мажилиске Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан мамлекеттеринин  Азирети муфтийлери катышып, бир катар документтерге кол коюшат. Андан соң «Кожо Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция уюштурулат.