Ош шаардык казыяты ДОЖдордо ДИМК ТАБ менен биргеликте кезектеги семинарын уюштурду

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде КР Президентинин №303 жарлыгы жана Азирети Муфтийдин №3 буйругунун негизинде семинар уюштурулуп, анда мамлекеттүүлүк, мамлекеттик символикалар, атрибуттар жана мамлекеттик тил, нарктуулук, элдик тарбия, мекенчилдик, улуттук баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо, табиятка аяр мамиле жасоо, экстремизмдин зыяндары, бөлүнүп-жарылуунун кесепеттери, адашкан идеологиялар, адеп-ахлак темалары боюнча студенттерге терең маалыматтар берилди.

Куран окуу жана мамлекеттик гимн ырдоо менен башталган семинарда ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу “Мамлекеттүүлүк, мамлекеттик символикалар, атрибуттар жана мамлекеттик тил” боюнча лекция окуп, Конституция, жарандык милдеттер, эгемендүүлүк, демократия, светтик түзүм, герб, туу, гимн боюнча ар бирине өз-өзүнчө токтолуп, жеткиликтүү маалымат берди.

Ал эми Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Аалымдар Кеңешинин №1, №2, №3 №4 токтомдорунун негизинде жалпы баяндама жасап, студенттердин формасына баа берди. Соңунда медресенин мугалимдерине окуунун сапатын жогорулатуу, тартип жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырмаларын берди.