Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан Ош шаарындагы «Хадича Аль-Кубро» ислам институтунда жалпы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жана окутуучуларына чукул жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Ош ШИИБдин ЭММКАКтын ыкчам өкүлү, милициянын улук лейтенаты Уларбек Маканов, Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ЭММКАКтын ыкчам өкүлү, милициянын улук лейтенанты Эмирлан Жумашов жана милициянын лейтенанты Абдурахман Муратов жана Ош шаардагы жалпы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана окутуучулары катышты.
Иш-чарада укук коргоо органдарынын өкүлдөрү студенттердин коопсуздугуна байланыштуу сөз сүйлөсө, Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Муратали кары Мамадияр уулу окуу жайдын тартибине, тазалыгына, окуучулардын өздөрүнүн жеке укуктарын үйрөтүү боюнча укук коргоо органдары менен ачык сабак өткөрүү, окуу жайга видео байкоочу камераларды орнотуу, окуу жайдын электр, өрт коопсуздугун алдын алуу, окуучулардын тамак-ашынын тазалыгына жана мөөнөтүнө көңүл буруу, окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана окуучуларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча айтып, бул боюнча жакынкы күндө текшерүү болорун белгиледи.