Муфтияттын аппарат жетекчиси Баткендеги имамдарга намаз убактылары боюнча баяндама жасап, жергиликтүү элге түшүндүрүү ишин жүргүздү

Баткен районунун жана Баткен шаарынын  имамдары менен азанчылары, ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга  борбордук “Нумани” мечитинде КМДБнын аппарат жетекчиси  Абибилла ажы  Кадырбердиев “Маркумду акыркы сапарга узатуу” жана “Намаз убактылары” темасында баяндамасын жасап, түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Иш чаранын жүрүшүндө  Абибилла ажы  Кадырбердиев имамдарга 2019-жылга  “Намаз убактыларынын календары” китебин тапшырды. Ал эми баяндама соңунда имамдар ар түрдүү шариат маселелери боюнча суроолорду беришип, жооп алууга мүмкүнчүлүк  түзүлдү.