Эмирлан ажы Бообеков: «Жаштарга туура маалыматтарды жеткирүү биздин милдетибиз»

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Алай райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров менен жолугушуп, мектептерде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшү жана адеп-ахлак темаларынын негизинде лекцияларды уюштуруу боюнча сүйлөштү.

«Учурда интернет аркылуу дин илимин үйрөнөм дегендер көбөйүүдө. Интернет желесиндеги туура жана туура эмес маалыматтарды айырмалап билүү жаштарыбыз үчүн кыйын. Жаштарга туура маалыматтарды жеткирүү биздин милдетибиз. Ошол себептен сиздер менен биргеликте мектептерде лекцияларды уюштуруп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп пландап жатабыз», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров айтылган сунуштарды макул көрүп, мектеп окуучулары күзгү каникулдан келгенден кийин лекцияларды уюштуруу боюнча пикирин билдирди.