Бүгүн, 30-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында КМДБ, КР ДИМК жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы имам-хатибдер үчүн эки күндүк окуу семинары башталды. Аталган окутуу Ысык-Көл облусунун айыл аймактары боюнча жооптуу имам-хатибдер үчүн болмокчу. Окуу курсунда Куран илимдери, Ислам юриспруденциясы (фикх), ишеним окуусу (акыйда), даават кылуунун эрежелери (риторика) жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн мыйзамдык негиздери туурасында сабактар өтүлүүдө.
Семинарды облус казысы Самидин кары Атабаев баштап берип, Куран, акыйда илимдери жана салттуу ислам түшүнүктөрү боюнча сабак өтсө, калган сабактардан КР ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облустук казыятынын жооптуу катчысы Адилет Самат уулу, Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу өтүшөт.
«Урматтуу имам-хатибдер, силер жооптуу кызмат аркалап жатасыздар. Сиздер айыл аймак боюнча мусулмандарга жооптуу болгон соң, ар тараптан алдыда болууңуздар үчүн окутуулар уюштурулууда. Биз шариятыбызды элге туура жеткирүүдө илимге муктажбыз. Илимдердин эң улуусу бул – акыйда илими. Ишеним окуусунда Алла Таала тууралуу үйрөткөндүгү себептен илимдердин шарапаттуусу болду. Акыйда илими негизинен Алла Тааланын сыпаттары, пайгамбарлар, акырет тууралуу окутат», – деди облус казысы.
Ысык-Көл облусунда жалпы 23 айыл аймактын имам-хатибдери катышып жаткан окуу курсу Кызыл-Суу айылындагы «Каныбек ажы» атындагы медреседе өтүүдө.