Бүгүн, 4-ноябрь күнү Чүй облустук казыяттын кеңсесинде облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрдү. Куран окуу менен башталган жыйналышта казынын орун басары Саясат ажы Асанов Токмок жана Кара-Балта шаарында өткөн имамдардын окутуу курсунунун жыйынтыгы жана өткөн айдагы тапшырмалар боюнча маалымат берди.
Ошондой эле өткөн айда коюлган тапшырмалар, Президенттин буйруктары, КМДБнын, Аалымдар Кеңешинин тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө отчёт берилип, алдыдагы иш-чараларды өз убагында жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча жоокерчиликтер дин кызматкерлерине жүктөлдү.
Жыйында төмөнкү тапшырмалар берилди:
1) Жума окулган мечиттерде видео камера орнотуу;
2) Мечиттерди каттодон өткөрүүнү тездетүү;
3) Ажы башчыларды каттоо боюнча жарыяны жеткирүү.