Сонун жаңылык: Муфтияттын алдында медиа студия ачылып, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында алгачкы жолу студия түптөлүп, салтанаттуу түрдө ачылыш аземи өткөрүлдү. Студиянын ачылыш аземине КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты, Муфтият менен тыгыз кызматташкан УТРК, ЭлТР, 7-канал, AsiaTV сыяктуу телерадиокорпорация өкүлдөрү, журналисттер, КМДБнын түзүмүндөгү казыяттардын пресс-катчылары катышты.

«Азыркы маалыматтык доордо информация абдан зор мааниге ээ экени жалпыга маалым. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында студия ачуу биздин жылдык иш-мерчемде бекитилген болчу. Алла Тааланын колдоосу менен жаркыраган студиябызды ачып алдык. Эми бул жерде муфтияттын маалыматтык агартуу ишмердүүлүгү кызуу уланат. Ошондой эле салттуу ислам боюнча баалуу берүүлөр тартылып, калкыбызга сунушталат. Алла Таала насип кылса, келечекте Муфтият ТВ телеканалын ачуу пландарыбыз бар», – деди Азирети Муфтий ачылышта.

Ал эми КР ДИМК директору Азамат Юсупов медиа студиянын ачылышы менен КМДБ жетекчилигин куттуктап, мында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана радикализм, экстремизм менен күрөшүү жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлөрүнө ишеним артты.

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө студияда КМДБнын агартуу жаатындагы иш-аракеттерин жана ишмердүүгүн жогорку деңгээлде чагылдыруу, калайыкты туура нуктагы диний маалыматтар менен камсыздоо, диний үгүт-насаат иштерин жигердүү жүргүзүү, дин аалымдарына аянтча түзүү жана кыргыз аалымдарын даңазалоо максатында иш алып барыларын кошумчалады.

Иш чаранын жүрүшүндө Муфтият менен тыгыз кызматташкан телеканалдар жана журналисттер сыйланды.

Ошондой эле жыл ичинде ыкчам жана чыгармачылык менен иш алып барган Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат адиси Алибек Акпарали уулу жана Нарын облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат адиси Эрнис Уметов КМДБнын Алкыш баракчасы менен сыйланса, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат катчысы Талант Абдырахмановго жана Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат катчысы Адилет Самат уулуна КМДБнын Ыраазычылык каты ыйгарылды.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин 40 кадамдан турган КМДБны өнүктүрүүнүн стратегиялык иш-планында муфтияттын атайын студиясын ачуу каралган болчу.