Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Талас облусунун мусулмандарынын казыятын зыярат кылды. Зыяраттын алкагында казыяттын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алып, бир катар көрсөтмөлөрдү берди.
Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев КМДБ жетекчисине казыят имаратын тааныштырып, 10 ай аралыгында аткарган иштер боюнча маалыматтык отчёт берди.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени башталып, анын алкагында КМДБ жетекчиси бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери ж.б. боюнча баяндама жасады.