Бүгүн, 14-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Президенттин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгы, 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” № 296 Жарлыктарынын аткарылышын талкуулашты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Азирети Муфтийдин өлкө аймагында уюштурулуп жаткан диний агартуу кербенине ийгилик каалап, муфтияттын улуттук нарк жана диний баалуулуктарды даңазалоо иш-ичарасына ийгилик каалады.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи ыйгарым укуктуу өкүлдүн облустук казыят менен тыгыз кызматташыгына ыраазычылык билдирип, КМДБнын Ардак баракчасын тапшырды.