Кадамжай районунун баш имам-хатиби Мухидин ажы Алматов “Азирети Али” медресесинин студенттери менен жолугушуп, илим алуунун зарылдыгы, артыкчылыгы туурасында баяндама айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө чарагы экендигин белгилеп өттү.
«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз. Чындыгында илим талап кылуучуга бардык нерсе, жадагалса деңиздеги балык дагы истигфар айтат. Пайгамбарыбыздан кайсы адам жакшы адам деп суралганда: “Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам”, – деп жооп берген. Демек илимдүүлөрдүн адамдарга көп пайдасы тиет. Алла Таала Куранда, “Кимде-ким Аллага такыбалык кылса, Ал ага дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан чыгып кетүүчү жол ачат жана ага ал күтпөгөн тараптан ырыскы берет”, – деп айткан. Андыктан такыба болууга аракет кылалы. Ошол эле учурда илим алуу үчүн мугалим тандоо өтө маанилүү. Илими терең, акыйдасы бекем мугалимден сабак алууга аракет кылуу зарыл», – деди Мухидин ажы Алматов.
Муну менен катар Мухидин ажы инсандын өз ара мамилелери темасында айтып, ынтымакты бекемдөө, адептүүлүккө көңүл буруу туралуу кеңештерин айтты.