Кечээ, 26-ноябрда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы А.С. Пушкин атындагы орто мектебинде 8-9-10 жана 11-класстын окуучулары үчүн рэкетчиликти алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү жыйыны өттү.
Иш-чарага мектеп директору Таалайбек Курманалиев, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эрмат Конкказиев, жаштар уюмунун башчысы Азамат Курумшиев, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Сагымбеков, Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн катчысы Назира Олжобаева жана Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев катышты.
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Сагымбеков өз сөзүндө мындай деди:
«Балдардын телефондорун көзөмөлдөө – ата-эненин негизги милдети. Азыркы учурда жаш балдар ар кандай терс көрүнүштөргө жана алдамчыларга кабылып жатат. Ата-энелер бул маселеге өзгөчө көңүл бурушу керек. Ошондой эле кечки саат 20:00 дөн кийин балдар ата-энесинин коштоосу жок көчөдө жүргөнгө болбойт. Бул алардын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Мындан тышкары бири-биринин жеке сүрөттөрү менен шантаж жасоо туура эмес. Натуура гана эмес, мыйзамсыз дагы. Мындай аракеттердин олуттуу кесепеттери болорун эстен чыгарбоо керек».
Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев да өспүрүмдөргө жана ата-энелерге кайрылып, адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи:
«Дин – бул адамды жаман иштерден алыстатып, адептүүлүккө, сабырдуулукка чакырат. Балдарыңыздарды туура жолго тарбиялоо менен коомубузду бекемдей алабыз. Зордук-зомбулуктан алыс болуу жана бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле жасоо – бул биздин негизги милдетибиз.»
Мектеп директору Таалайбек Курманалиев окуучуларды туура жолдо жүрүүгө жана ар кандай зыяндуу адаттардан оолак болууга чакырды. Жаштар уюмунун башчысы Азамат Курумшиев өспүрүмдөрдү спорттук жана маданий иш-чараларга көбүрөөк катышууга үндөдү.
Жыйынга 200дөн ашык окуучу жана 100 дөн ашык ата-эне катышып, өз суроолоруна жооп алышты. Иш-чара балдардын жана ата-энелердин коопсуздук боюнча билимин жогорулатууга багытталып, жаш муундардын укуктук жоопкерчилигин түшүнүүсүнө өбөлгө түздү.