Каныбек ажы Жусупов «Ош тазалык» атайын адистештирилген муниципиалдык ишканасынан кабар алды

Ош шаарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов «Ош тазалык» атайын адистештирилген муниципиалдык ишканасынан кабар алып, тазалыктын коомдогу жана диндеги орду боюнча маалыматтарды берди.

Жолугушууга «Ош тазалык» атайын адистештирилген мунуципиалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов, орун басары Жылдызбек Көчкөнов жана тазалык кызматкерлери катышты.

Иш-чарада Ош шаардык казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов тазалыктын диндеги орду чоң экенин баса белгилеп, буларга токтолду:

“Элибиздин, шаарыбыздын тазалыгына камкордук көрүп, эбегейсиз кызмат кылып жатканыңыздар үчүн Алла ыраазы болсун. Шаарыбыздын тазалыгы сиздер менен биздин жүзүбүз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) “Тазалык – ыймандын жарымы” деген хадисин дайым эстеп жүрөлү”, – деди Каныбек ажы Жусупов.

Казы орун басары ишкана жетекчиси Нурбек Исмаиловдун мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.