«Карыларды камкордукка алалы»: Бишкек шаарындагы 24/7 саат Куран саамалыгынан

Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгы бир жылдан бери ийгиликтүү уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов билдирди:

«Өткөн жылы өлкөбүздө алгачкы жолу үзгүлтүксүз Куран окуу саамалыгын баштаган элек. Аллага шүгүрлөр болсун, жергиликтүү демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу аркылуу демилге ишке ашып келди. Калаадагы мечиттерге лэд-экрандарды алып, 24 саат Куран окуубузду чагылдырдык. Ошондой эле YouTube каналында «Куран ордо» аркылуу түз обого чыгарууга жетиштик. Бирок техникалык дараметибизге байланыштуу кыйынчылыкка дуушар болуп жаттык», – деди шаар казысы.

Ал өз сөзүндө Куранга кызмат кылууга дилгир жарандарга кайрылып, «албетте, үзгүлтүксүз Куран окууну уюштуруу өтө машакаттуу иш экен. 30 карыбыз 30 пара Куранды кезектешип хатм кылып жатышат. Ушул Куран кишилеринин жол кирелерине, тамак-ашына, дагы ушул сыяктуу чыгашаларына тыйын керек экен. Ошого Куран сүйүүчүлөрүнө кайрылып кетер элек. Карыларыбыздын муктаждыктарын камсыздандыруу зарыл болууда. Ушул 24 саат Куран хатм саамалыгы токтобосун, сооп башка жакка кетип калбасын десек, карыларыбызды камкордукка алалы. Каалоочулар бизге кайрылсаңыздар, карылардын банк эсептерин берүүгө даярбыз», – деп кайрылуу жасады Шакир ажы.

Айта кетсек, өткөн жылдын 8-ноябрь күнү Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгына старт берилген. Ошол күндөн тарта 24/7 саат хатм ийгиликтүү уланып келет.