Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты 2024-жыл ичинде район-шаарлардын баш имам-хатибдеринин аткарган иштеринин отчётун кабыл алды.
Жыйында баш имам-хатибдердин баяндамалары слайд түрүндө көрсөтүлүп, казы жана казыяттын адистери жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилеп, суроолорду беришти.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө шаар жана район баш имам-хатибдеринин алгылыктуу иштерине ыраазычылык билдирип, кемчиликтерди жоюуга жана жетишпеген жагдайларга 2025-жылдын биринчи чейрегинен баштап өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, район-шаар баш имам-хатибдери 2025-жылга пландалган иштер тууралуу ой бөлүшүп, өз сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Отчёттук жыйындын жыйынтыгында аткарган иштериндеги мыктылыгы менен айырмаланган Лейлек райондук хатибияты “мыкты хатибият” наамына ээ болду. Ал эми Баткен районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов Алкыш баракчасы менен сыйланды.