Бишкек шаарындагы Свердлов районун баш имам-хатиби Улан кары Курманбаевдин демилгеси менен райондун имамдары үчүн бирдиктүү форма тигилмей болду.
Улан кары Курманбаев имамдарга кезексиз жыйын өтүп, анда: «Ислам динибиз ар бир улуттун салтын, өзгөчөлүктөрүн сактаган дин болуп саналат. Салтыбыздан ата-бабаларыбыздын дин менен жашагандыгын ар-бир улуттун салты бир гана дин менен гана сакталарын көрүп-билсек болот. Дал ошол ата-бабаларыбыздан берки келе жаткан баалуулуктарды сактоо максатында, эӊ оболу биз элибизге улуттук баалуулуктарды сактоонун үлгүсун көрсөтүп беришибиз керек. Мына ушул нерселерди эске алуу менен, бүгүн биз ар бир жума өткөн мечиттин имамдары бирдиктүү, нарк-насилибизди өзүндө чагылтырган формага өтмөкчүбүз», – деди.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчынын демилгеси менен республика боюнча бардык имамдар бирдиктүү форма менен камсыз болушкан.