Чүй облусундагы хатибияттарга заманбап компьютерлер жана принтерлер тапшырылды

Бүгүн, 29-январь күнү Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында райондун баш имам-хатибдерине багытталган кезектеги ай сайын өтүүчү жыйын болуп өттү. Жыйын Чүй облусунун мусулмандар казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбековдун жетекчилиги алдында өтүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Казы өз сөзүндө өрт коопсуздугу боюнча талаптарды так сактоо, мечиттердин тазалыгы жана жылуулугу, мечиттердин эсептик каттоо боюнча абалдарына кеңири токтолду. Ошондой эле имамдарды окутуу курсу ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп, келечекте да мындай илимий иш-чараларды активдүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ажылыкка каттоо иштеринин сапатын жогорулатуу максатында Чүй облусунун үч районуна; Ысык-Ата, Москва жана Чүй райондоруна – операторлор үчүн заманбап компьютер жана принтер жабдыктары тапшырылды. Бул демилге ажылыкты каттоо процессин жеңилдетүүгө жана уюштуруу иштерин сапаттуу жүргүзүүгө багытталды.

Жыйындын жүрүшүндө ар кандай маселелер боюнча да пикир алмашуу болуп, казыят тарабынан коюлган талаптарды так аткаруу боюнча имамдарга тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Бул жыйын Чүй облусунун мечиттериндеги шарттарды жакшыртууга жана диний кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.