QR-Код аркылуу зекет жана садака: Жаңы төлөм системасы дин кызматкерлерине жана жарандарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы бардык мечиттерде зекет, фитр-садака жана садака төлөмдөрүн «Finik» (ЖЧК «Система Квикпэй») төлөм платформасы аркылуу QR-код менен кабыл алуу системасын ишке киргизди. Бул системаны колдонуу тартибин түшүндүрүү максатында Нарын облусунун баш имам-хатибдери жана аймактык имамдар үчүн атайын жыйын өткөрүлдү.

Иш-чара Нарын облустук казыятынын жыйындар залында өтүп, ага ЖЧК «Система Квикпэй» компаниясынан келген өкүлдөр, КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов, мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев, БТКнын адиси Эдил ажы Нурбек уулу жана ЖЧК «Система Квикпэй» адиси Эсен Сагынов болушту.

Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов жыйындын ачылышында келген конокторду тааныштырып, муфтияттын аткарып жаткан иштерине кыскача токтолду. Ал зекет жана садака кабыл алуу иштерин заманбап жолдор менен ишке ашыруу дин кызматкерлери үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

КМДБнын башкы бухгалтери Жуманов Толкунбек ажы зекет, фитр-садака жана садака төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн иштелип чыккан бирдиктүү системанын артыкчылыктарын жана колдонуу тартибин түшүндүрдү. Ал Азирети муфтий Абдулазиз кары Закировдун «40 кадам» иш-планынын бир бөлүгү катары каржы ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүү башкы максаттардын бири экенин белгиледи. Мындан тышкары, ал үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта өлкөнүн бардык имамдарына муфтият тарабынан стипендия төлөнө баштай турганын айтты.

Мечиттер бөлүмүнүн башчысы Жунусалиев Давранбек ажы баш имам-хатибтерге имамдардын жана мечиттердин документтерин тез арада толуктап чыгууну тапшырды.

ЖЧК «Система Квикпэй» адиси Эсен Сагынов жаңы төлөм системасынын иштөө принциптери жана артыкчылыктары боюнча кенен маалымат берди. Ал QR-код аркылуу төлөмдөрдүн түздөн-түз жеке эсепке түшүп, ар бир тыйындын туура дарекке жетишин камсыздай турганын белгиледи. «Finik» мобилдик тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдүн толук маалыматын заматта көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Түшүндүрүү иштери бүткөндөн кийин, имамдар системаны колдонууга байланыштуу өз суроолорун берип, деталдуу жооптор алышты. Жыйындын соңунда катышуучулар жаңы төлөм системасы дин кызматкерлерине жана жалпы мечит жамааттарына чоң пайда алып келерин белгилешти.

Иш-чара ийгиликтүү өткөрүлүп, «Finik» платформасын өлкө боюнча жайылтуу үчүн иш-чаралар мындан ары да уланары жана башка имамдарга түшүндүрүү иштери облустук казыятка жана хатибияттарга тапшырылды.