Жалал-Абадда болочок ажыларды эмдөө жараяны аяктап калды

Жалал-Абад облусунда ажыга баруучулар менингит жана гриполго каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын ажылык иштерин уюштуруу боюнча куратору Канатбек Мусурманкулов билдирди.

Анын айтымында, облус аймагы боюнча жалпы 1079 жаран ажылык зыяратын аткаруу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Аларды эмдөө ушул жылдын 15-февралында башталып, ушул саатка 900дөн ашуун жаран эмдөөдөн өткөн. Буйруса эмдөө иши эртең аяктайт.

Эске салсак, облус аймагында ажыга баруучуларды эмдөө Жалал-Абад шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жүрүп жатат. Ал эми, алыскы Аксы, Чаткал райондорунун жарандары Ала-Бука районундагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан эмдөөдөн өтүштү.