Нарын казыятынын билим берүү бөлүмүнүн адиси менен ШИИБ кызматкери шаардагы №7 мектептин окуучуларын билимдүү болууга чакырышты

Нарын облустук мусулмандар казыятынын билим берүү бөлүмүнүн адиси Сейит ажы Исаев  Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспектору, милициянын ага лейтенанты Жазира Марат кызы менен биргеликте калаадагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда ШИИБтин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспектору окуучуларга кылмыштуулук жана анын кесепеттери, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча маалымат берсе, казыяттын билим берүү  бөлүмүнүн адиси ыйман менен адеп-ахлак, ата-энени ураматтоо, билим алуунун артыкчылыгы жана мугалимдерди урматтоо боюнча баяндамасын жасады.

“Балдар биздин келечегибиз болгондон кийин биз дайыма аларга туура багыт беришибиз керек. Жаштарды китеп окууга кызыктырып, ар кандай азгырыктардан оолак кылуубуз маанилүү”,-деди Сейит ажы Исаев.