Актурпактык тургундар ысрапкерчиликтин алдын алат

Кадамжай районунун Актурпак айылынын жергиликтүү жашоочулары ысрапкерчиликтин алдын алат. Мындай чечимди алар  Кадамжай райондук  хатибиятынын 26-январда Актурпак айыл өкмөтүндөгү  Төрали мечитинде жалпы имамдар жана жергиликтүү эл менен биргеликте өткөргөн жыйынында айтышты. Жыйынга облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов,  айыл өкмөт башчысы Торалиев Алчынбай, Төрали мечитинин  имамы Бердикул Аширов, белгилүү дин аалымы Ахун ажы Курбанов жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Эл менен болгон жолугушууда ысырапкерчиликтин алдын алуу  маселеси каралып, адистер жергиликтүү жашоочуларга ысыраптын зыянын түшүндүрүп беришти.