Ош шаарындагы М.Горький атындагы орто мектептин мугалимдерине жана окуучуларына «Адептүү адам, абийир табат» аттуу жыйын болуп өтүп, ага Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул каары Осмонов, шаардык мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин торагасы И.Берхмаматов катышты. Жыйын алкагында Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби окуучуларды ыймандуу, билимдүү, адептүү болууга чакырып, башкысы ата-эне менен мугалимдерди урматтоо керек экендигин эскертти.
«Ата-эне балдарды чоңойдуп, мээримин төгөт жана бардык муктаждыктарын камсыздайт. Ал эми мугалим баланын билим алуусу үчүн өзүнүн бардык энергиясын сарптайт. Ошондуктан балдар ата-эненин жана мугалимдин эмгегин баалап, аларды урматташы керек»,-деди жыйында Мурзакул каары Осмонов.
Ал эми катышуучулар окуучуларга өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышып, эң негизгиси билимдүү, боорукер жана кайрымдуу инсан болууга үндөштү.
Эскерте кетсек, жыйын Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.