Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз (САВ) “Садака-фитирди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” – деп бекиткенин азирети Умар айткан.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитет:
1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.
Буудай | Мейиз | Ун | Арпа | Курма | |
Орточо баа | 21,87 сом | 240 сом | 25 сом | 15 сом | 150сом |
Өлчөм | 1,600 | 1, 600 | 1, 600 | 3, 200 | 3, 200 |
Жалпы
(Садака-фитирдин баасы) |
35сом | 384 сом | 40 сом | 48 сом | 480сом |
Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.