Ош шаардык мусулмандар казыяты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Мээркан айылында жайгашкан “Аль-Фаарук” мечитинде жаштар арасында Куран жарышын өткөрдү. Куран жарышы 10 сүрө жана жарым пара жаттаган балдар арасында болуп, атайын дайындалган комиссия тарабынан 1-2-3-орундар аныкталып, жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан баалуу белек-бекчектер тапшырылды. Бул Куран жарышынын өзгөчөлүгү орунга ээ болбогон ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
“Куран жарышынын негизги максаты жаштардын адеп-ахлагын оңдоп-түзөө, Куранга болгон сүйүүсүн арттыруу жана балдардын достугун бекемдөө болуп саналат”,-деди казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллазиз ажы Абдурахманов.