Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Жаңылыктар
Аймактар | 13.12.2025

Кызыл-Суу айылынын тургундары имамга унаа белек кылышты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургундары айыл имамы Максатбек Байтиковго Stepwgn үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул демилге имамдын көп жылдык талыкпас эмгегин, эл үчүн кылган кызматын жогору баалоо катары ишке ашты. Айыл тургундары Кызыл-Суу айылынын имамы Максатбек Байтиковдун ак эмгегин сыйлап, унаа белек кылуу чечимин кабыл алышкан. Өз кезегинде имам…

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА