Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 1992-жылкы жаштары демилге көтөрүшүп, мечиттин жанына дааватчылар үчүн атайын жай куруп беришти. Бул туурасында айыл имамы Расул Сулайманов билдирди.
Муну менен катар айыл жаштары тарабынан мечиттин айланасын тазалоо, оңдоп-түзөө иштери менен биргеликте мечиттин айрым бөлүктөрүн калыбына келтиришип, курулушка 200 миң сом сарпташткан.