Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Халал (адал) деген сөз араб тилинен түз маанисинде “уруксат” дегенди билдирет. Чындыгында халал – бул өтө кеңири термин жана жалгыз эле этке тиешелүү эмес. Бул күнүмдүк зарыл түшүнүк, жашоо образы. Халал адам жашоосунун дээрлик бардык тармагына тиешелүү: тамак-аш, кийим-кече, косметика жана парфюмерия, жеке гигиена, каржы, мамилелер, аткарылган иштер, мүлк ж.б.у.с. Адалдын карама-каршысы харам (тыюу салынган).
Биз күнүмдүк жашообузда кеңири колдонгон азыктарыбыздын бири бул – эт. Бул азыктын адал болушу же союла турчу мал кандай тартипте союлуш керек экендиги туурасында кеңири токтолсок.
Мусулмандар үчүн арам кылынган бир канча жандыктар бар. Булардын этин Алланын аты менен союлса да жегенге болбойт:
Андан тышкары малдын каны, бездери, өт жана табарсык, малдын жыныстык органдарын жегенге болбойт. Эгер шариятка ылайык союлган малдын болсо дагы. Таза эмес (тыюу салынган тамак-аш же башка ыплас заттар) таза суу менен жуулмайынча же тийген жери тазаланганга чейин тийген адал азыктар.
Эт адал болушу үчүн төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
Белгилей кетсек, адал тамак-аш мусулмандарга гана таандык эмес. Мындай продукцияны ар кандай улуттун, диндин өкүлдөрү жесе болот. Адал биринчи кезекте сапатка жана тазалыкка байланыштуу. Чындыгында, эт Аллах Куранда белгилеген принциптерге ылайык өндүрүлгөндө адамзатка, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө пайда алып келет.
Даярдаган: КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат ажы Кадыкеев
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)